Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:27

Сеул менен Вашингтон Пхеньянга кысым көрсөтүүнү макулдашты


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөнүн аскерий техникасы менен таанышууда
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөнүн аскерий техникасы менен таанышууда

Түштүк Корея менен АКШ Түндүк Кореяга болушунча катуу кысым көрсөтүүнү жана санкцияларды киргизүүнү макулдашты. Мындай чечим корей президенти Мун Чжэ Ин менен АКШ президенти Доналд Трамптын 7-августтагы бир сааттык телефондук сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынды. Эки тарап расмий Пхеньяндын өзөктүк арсеналын күчтөндүрүү дымагын ооздуктоо үчүн кызматташтыкты уланта берерин Түштүк Кореянын президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

5-августта Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга карата жаңы санкцияларды бир добуштан жактырган. Түндүк Кореяны узак убакыттан бери колдоп келе жаткан Кытай менен Орусия да жаңы чараларга макулдугун берген.

Бул санкциялар Түндүк Кореянын 3 миллиард доллардык жылдык экспортун үчтөн бирге кыскартат деп болжолдонууда.

Расмий Пхеньян Коопсуздук кеңешинин чечимин өлкөнүн эгемендигине шек келтирет деп сынга алып, АКШга ракета учурабыз деп билдирди.

XS
SM
MD
LG