Линктер

шейшемби, 19-июнь, 2018 Бишкек убактысы 02:41

Түркия Катар менен аскердик машыгуу өткөрдү


Катардын коргоо министри Халид бин Мохаммад ал-Аттия (солдо) менен анын түркиялык кесиптеши Фикри Ышык, Анкара, 30-июнь.

Катар 7-августта Түркиянын армиясы менен чогуу аскердик машыгуу өткөрдү. Мамлекеттик "Ал-Шарк" басылмасы бул машыгуу "өлкөнүн экономикалык, стратегиялык мекемелерин" коргоону максат кылат деп кабарлады. Эки тарап бир ай мурда эле буга окшош машыгуу өткөргөн.

Түрк парламенти 7-августта Катардагы аскердик базага жүздөгөн аскерлерди жөнөтүүгө макулдук берген мыйзамды жактырды. Расмий Анкара террорчулукка каршы аракеттерди колдоо жана биргелешкен машыгуу жүргүзүү үчүн Катарга баш-аягы 3 миң аскер жөнөтүлөрүн билдирген.

Катар менен Перс булуңундагы башка араб өлкөлөрүнүн ортосундагы дипломатиялык араздашуу эки айдан бери жөнгө салына элек. Сауд Арабия баштаган мамлекеттер расмий Доханы террорчулукту колдойт деп айыпташкан. Катар бул айыптарды четке кагып келет. Бул араздашууда Түркия Катарды колдойт.

XS
SM
MD
LG