Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Чотонов: Текебаевге каршы көрсөтмө берсең бошотобуз дешкен


Дүйшөнкул Чотонов
Дүйшөнкул Чотонов

Экс-министр Дүйшөнкул Чотонов УКМКнын тергөөчүлөрү эгер ал «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге каршы көрсөтмө берсе боштондукка чыгарабыз деп убада кылышканын айтууда. Бул тууралуу ал бүгүн сотто сурак берип жатып билдирди.

“Тергөөчүлөр мага жөн эле күбө катары ооба, ошондой болгон десеңиз чыгарабыз дешкен. Үч айга чейин менин атым иште жок болчу. Кийин Текебаев/Чотонов деп кошо башташты” деп билдирди Чотонов.

Ал “...бир миллион долларды алмак тургай көргөн да эмесмин, бул жалган жалаа, бул тууралуу 2012-жылы ЖМКдан окугам биринчи жолу” деп билдирип, Талант Маматкеримов менен “Мегаком” боюнча бир да жолу сүйлөшпөгөнүн "айылдаш катары эле билерин, үйүнө барбаганын, чай ичишкен тааныш эмес экенин" айтты.

Орус жарандары Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кийин көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримов аттуу жаран аркылуу 1 млн доллар пара берилди деген көрсөтмөсүнүн негизинде Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кылмыш иш козгогон. Тергөөнү Улуттук коопсуздук комитети жүргүзгөн. Бул ишке катышы бар деп мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновго да айып тагылып, Текебаев экөө беш ай мурда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет. Ал эми Башкы прокуратура “тиешелүү далилдерге” негизделген иш экенин билдирген. (UEz/RK)

XS
SM
MD
LG