Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Кыдырбаев: Liglass Орусиянын 37 млн долларын бир ай ичинде төлөш керек


Чехиялык Liglass Trading CZ компаниясы Кыргызстандын «Электр станциялары» ишканасынын чечиминен кийинки бир ай аралыгында Орусияга 37 миллион доллар төлөшү керек. Ал эми үч ай ичинде долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгышы зарыл. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору Узак Кыдырбаев билдирди.

Анын айтымында, 4-августта ишкананын акционерлери кезексиз жыйынга чогулуп, катышкандардын жалпы санынын 96% чехиялык компания менен инвестициялык макулдашууну кубатташты.

"Электр станциялары" Мамлекеттик мүлк фондуна кирген Улуттук энергохолдингге карайт.

Liglass Trading CZ компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерди утуп алган. Курулуш тууралуу келишимдерге быйыл 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен аталган компания өкүлдөрү кол койгон. Мындан кийин чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялап, бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкуу жараткан.

Компания ээси Михаэл Смелик "Азаттыкка" берген маегинде чех прессасындагы терс маалыматтарды четке кагып, өзү жетектеген ишкана белгисиз эместигин, калыбына келип туруучу табигый булактар тармагында иштөөдө 12 жылдык тажрыйбасы бар экенин маалымдаган.

2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын "Русгидро" компаниясы аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган.

Буга байланыштуу Кыргызстан Орусияга 37 миллион доллар бересе болуп калган. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG