Азербайжандын вице-премьер-министри Али Хасановдун небереси адам өмүрүн алган жол кырсыгынан кийин камакка алынды. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги 7-августта билдиргендей, Наил Аллахвердиев тергөө бүткөнчө төрт ай камакта кала турган болду.
Маалыматка караганда, Аллахвердиев 3-августта Mercedes SUV үлгүсүндөгү унаасы менен автокырсыкка кабылып, андан эки адам мерт кеткен, дагы экөө жаракат алган. Экинчи автоунаанын айдоочусу да камакка алынганы кабарланды.
Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө "Азербайжан президентинин эскертүүлөрүнө карабастан мамлекеттик кызматкерлер менен алардын үй-бүлөсү аралашкан кылмыш иштери токтобой жатканы, аларга катаал чаралар көрүлөрү" айтылат.