Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда бүгүн сурак аяктады. Эми сот жараяны тараптардын жарыш сөзү менен уланат.
Мамлекеттик айыптоочулар жарыш сөздү дароо баштай берүүгө даяр экенин айтышты, бирок жактоочулар кошумча убакыт сурап, натыйжада, шаршемби күнү башталмай болду.
Орусиялык жарандар Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде козголгон кылмыш иш боюнча "Ата Мекен" партиясынын лидери, парламенттеги фракциянын төрагасы Текебаев 1 миллион доллар пара алган, мурдагы ӨКМ башчысы Чотонов аны өткөрүп берген деп соттолууда. Өзүлөрү муну саясий куугунтук деп атап келет. Кылмыш ишти козгогон Башкы прокуратура саясий себеп жок экенин айткан. (UEz/RK)