Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Сот Садыр Жапаровдун тарапкерлерин үй камагына чыгаруудан баш тартты


Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн Садыр Жапаровдун камактагы тарапкерлеринин соту уланды. Адвокат Шарабидин Токтосуновдун "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, бардык соттолуучулар суралып, иштин материалдары изилденип бүттү. Ошого байланыштуу ал соттолуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүндү, бирок сот бул өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты:

- Жабыркагандардын көрсөтмөлөрүндө да, иштин материалдарын изилдегенде да эч кимисинин күнөөсү далилденген жок. Видеотасмадан да көрдүк, таш менен урган, бөтөлкө ыргыткан, таяк менен урган адамдардын бири да кармалган эмес.

Жогорку Кеңешке мурунку чакырылышта депутат болгон Садыр Жапаров 2013-жылы Кумтөр алтын кенине байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп, быйыл 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалган жана УКМКга алынып келинген.

Ошол эле күнү УКМК алдында топтолгон анын тарапкерлери милиция менен тирешип, кармалган жүздөй адамдын 12 камакка алынган. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууган агасы бар.

2-августта Садыр Жапаров Кылмыш кодексинин 113 (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү), 234 (бейбаштык) беренелери боюнча акталды, бирок 227 (бийлик өкүлүн барымтага алуу) беренеси боюнча 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилди.

Анын тарапкерлеринин соту эми 14-августта жарыш сөз менен уланат.(RK)

XS
SM
MD
LG