Линктер

жекшемби, 16-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 18:31

Башкырстандагы өрт 9 адамдын өмүрүн алды


Өрт чулгаган үй.

Башкырстандын Угузево айылындагы бир үйдө чыккан өрт тогуз адамдын өмүрүн алды. Алардын бешөө өспүрүмдөр экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин жергиликтүү кеңсеси билдирди. Башкыр өкмөтү дүйшөмбүнү аза күтүү күнү деп жарыялады.

Өрт 7-августта түн жарымынан оогон учурда чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр үч адамды аман сактап калышты. Тилсиз жоо таңга маал гана өчүрүлдү.

Федералдык иликтөө комитетинин жергиликтүү бөлүмү өрткө электр зымдарындагы мүчүлүштүк себеп болгонун кабарлады.

XS
SM
MD
LG