Бүгүн Бишкекте Борбордук шайлоо комиссиясынын үч мүчөсүнүн жана эксперт, юристтердин катышуусунда талуу өтүп, анда президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн БШКга арыз берген Өмүрбек Текебаевдин мамлекеттик тил боюнча тесттен өтүүсүнө байланыштуу маселени талкуулашты. Жолугушуу Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаеванын демилгеси менен уюштурулду. Ал Текебаевдин юристтеринин арызына байланыштуу Жогорку Сотко көзөмөл арыз БШКнын талкуусунан өтпөй туруп жөнөтүлгөнүн айтууда:
- Мен азыр гана билдим апелляция берилгенин. Биз соттун чечимин ага чейин БШК отурумунда карап, добуш беришибиз керек болчу. Ошонун негизинде гана апелляция берилиши керек. А ким берип жатат, түшүнбөй жатабыз.
3-августта “Ата Мекендин” юристи Канатбек Азиз Бишкектин район аралык соту Борбордук шайлоо комиссиясын Текебаевдин кыргыз тили боюнча тест тапшыруу маселесин жалпы жыйында карап чыгууга милдеттендирди деп кабарлаган.
Бирок 4-августта Борбордук шайлоо комиссиясы “Бишкектин район аралык соту Текебаевдин өкүлүнүн арызын канааттандырган жок, болгону, БШК аракет көргөн эмес деп тапты” деген билдирүү таратты.
15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Текебаев талапкерликке катталуу үчүн БШКга биринчилерден болуп арыз берген. 26-июлда ал мамлекеттик тил боюнча тест тапшырмак. Бирок УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткан Текебаевдин коррупцияга айыптаган соттук ишин карап жаткан Биринчи Май райондук соту аны тест тапшырууга коё берүүдөн баш тарткан.
Боршайком маселени сот аркылуу чечүү керек дегендиктен “Ата Мекен” партиясынын юристтери район аралык сотко 31-июлда кайрылган.
Өмүрбек Текебаев быйыл 26-февралда УКМКга камалган. Башкы прокуратура ага орус жараны Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алган деген доонун негизинде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иш козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген. Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Соттолуучулар айыптоону четке кагууда. Ишти козгогон Башкы прокуратура далилдер жетиштүү экенин айткан. (RK)