Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

БШК Текебаев боюнча аракетинде мыйзам бузуу жок деген бүтүмгө келди


Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тил сынагынан өтүү маселеси козголду. БШК мүчөлөрү Гүлнара Журабаева менен Назарали Арипов Боршайкомдун атынан Жогорку Сотко аппараттын кызматкери арыз жолдогонун мыйзамсыз деп атап, мындай арыз комиссиянын жалпы отурумунун чечиминин негизинде берилиши керек болчу дешти. Ал эми төрайым Нуржан Шайлдабекова жана башка айрым мүчөлөр бул кадыресе көрүнүш экенин, мыйзам бузулбаганын айтып жооп беришти.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Талапкерликке катталуу үчүн БШКга арыз берген Текебаев 26-июлда мамлекеттик тил боюнча тест тапшырмак. Бирок УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткан Текебаевдин коррупцияга айыптаган соттук ишин карап жаткан Биринчи Май райондук соту аны тест тапшырууга коё берүүдөн баш тарткан.

3-августта “Ата Мекендин” юристи Канатбек Азиз Бишкектин район аралык соту Борбордук шайлоо комиссиясын Текебаевдин кыргыз тили боюнча тест тапшыруу маселесин жалпы жыйында карап чыгууга милдеттендирди деп кабарлаган.

Бирок 4-августта Борбордук шайлоо комиссиясы “Бишкектин район аралык соту Текебаевдин өкүлүнүн арызын канааттандырган жок, болгону, БШК аракет көргөн эмес деп тапты” деген билдирүү таратты.

Бүгүн БШК аппаратынын юристи Камчыбекова район аралык соттун ошол чечимине байланышту кассациялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылганы белгилүү болду. (RK)

XS
SM
MD
LG