Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Шайлоо-2017: Текебаев үчүн 50 миң кол топтолуп, БШКга тапшырылды


"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишенимдүү өкүлдөрү бүгүн ал үчүн топтогон 50 миң жарандын кол тамгасын Боршайкомго тапшырышты. Бланктарды БШК төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова кабыл алып, текшерүүдөн өткөрүү үчүн жумушчу топко тапшырып берди.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Талапкер болуп катталуу үчүн БШКга арыз тапшыргандардын саны 50дөн ашат.

30 миңден кем эмес кол топтоп, кыргыз тили боюнча тесттен өтүп жана 1 миллион сомдук күрөө тапшыра алгандар гана катталып, аларга расмий түрдө талапкер деген күбөлүк тапшырылат.

Бүгүнкү күнгө карата талапкер болуп катталгандардан бирөө. Ал - "Ак Шумкар" партиясы көрсөткөн мурдагы премьер-министр Темир Сариев. Ал 61 миң кол топтогон.

Ошондой эле бүгүн "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов үчүн 107 миң кол коюлган кагаздар Боршайкомго тапшырылды. (RK)

XS
SM
MD
LG