Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:37

Жаш мушкерлер Азия чемпиондугунан бир күмүш, төрт коло медал алышты


Бокс боюнча жаштар арасында Азия чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси Умар Кубанычбек уулу (көк кийимчен). 3-август, 2017-ж.
Бокс боюнча жаштар арасында Азия чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси Умар Кубанычбек уулу (көк кийимчен). 3-август, 2017-ж.

Кыргызстандык мушкерлер Филиппиндин Пуерто Принсеса шаарында 7-августта жыйынтыкталган бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда бир күмүш, төрт коло байгеге ээ болушту.

Азиянын бокс конфедерациясынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, күмүш байгени 63 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Умар Кубанычбек уулу алды. Ал алгач Бириккен Араб Эмирлигинин спортчусу Амер Алсувайдерди жеңди. Жарым финалда таиланддык Вирапон Жонгжойону утту. Финалда өзбекстандык Нурислом Исмаиловго 4:1 эсебинде жеңилип, 2-орунду алды. Коло байгелерге Муктарбек Ибраимов (-50 кг.), Айдар Орозкулов (-57 кг.), Дастан Оңолбеков (-66 кг.) жана Ахмад Усупов (+80 кг) ээ болушту.

Азия чемпиондугу 2-августта башталган.

XS
SM
MD
LG