Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:35

Gallup: Кыргызстандын жарандары өзүлөрүн коопсуз сезишпейт


Кыргызстандын жарандары өзүлөрүн КМШ мамлекеттеринин арасынан эң аз корголгонбуз деп сезишет. Америкалык Gallup компаниясынын 135 өлкөдөгү 136 миң жарандын арасында жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгында ушундай тыянак келтирилген.

Сурамжылоодо адамдардын өзүлөрү жашаган аймактагы кылмыштуулук жана тартип коргоо органдарынын иши тууралуу ой-пикири талдоого алынган. Эң коопсуз сезгендер Сингапурда жашары аныкталды. Андан кийинки орунду Өзбекстан ээлеген.

Тажикстан менен Түркмөнстанда да жакшы көрсөткүчтөр бар экени изилдөөдө айтылат. (RK)

XS
SM
MD
LG