Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:18

Шайлоо-2017: Айтикеевдин эсебинде 50 сом, Бабановдукунда 32 млн сом


Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу президенттик кызмат ордуна талапкер болууну каалагандардын шайлоо фондундагы акча каржаттарынын жүгүртүлүшү боюнча маалымат таратты.

Анда бүгүнкү күнгө карата фондунда акчасы эң азы “Өнөр-жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо партиясынын” төрагасы Акбаралы Айтикеев экени айтылат. Анын эсебинде 50 сом бар.

Ал эми эң көп каражат чогулткандардын алдыңкы үчилтигинде “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов, “Аалам” партиясынын лидери Арсланбек Малиев жана “Өнүгүү Прогресс” партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев бар.

Төрөбаев 1 миллион 130 миң сом чогултуп, анын дээрлик көпчүлүгүн пайдаланды. Малиев 4 миллион 259 миң сом топтоп, 500 миңдейин коротууга жетишти. Ал эми Бабановдун эсебине түшкөн 32 миллион сомдун азырынча 11 миллиону калды. (RK)

XS
SM
MD
LG