Экспортко иштеген компанияларды колдоо үчүн өкмөт кийинки айда ири суммада каражат бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кечээ мамлекеттик телеканалдын кечки эфиринде билдирди. Ал насыя каражаты сентябрь айында бериле баштай турганын айтты:
- Айрыкча экспортко чыгуучу жана импорттолуп келген товарлардын ордун басуучу ишканаларга “Орус-кыргыз фондун” эле карап отурбастан быйыл 6% менен насыя бере баштадык. Дагы 3,5 миллиард сомду 6% менен 3 жылдан 5 жылга чейинки насыя түрүндө сентябрдан тарта берүү тууралуу чечимге кол койдум.
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенине быйыл эки жыл болду. Анда Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Кыргызстан аймагында товарды бажы көзөмөлүсүз сатууга шарт түзүү каралган. (RK)