Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны кийинки аптада Чолпон-Ата шаарында өтөт. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Жыйынга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов баштаган расмий делегация катышат. Кечээ кыргыз премьери Сооронбай Жээнбеков аны менен телефон аркылуу сүйлөштү.
15-17-августка белгиленип жаткан иш-чара алкагында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демилитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйыны да өткөнү жатат. Ал эми октябрда Кыргызстанда өзбек маданиятынын күндөрүн уюштуруу пландалууда. (RK)