Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Шайлоо-2017: Президент болом дегендердин үчөө топтогон кол тамгаларын БШКга тапшырды


Президенттикке талапкер болом дегендердин үчөө кол топтоп, Боршайкомго тапшырышты. Кечээ “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 107 миң, “Ата Мекендин” башчысы Өмүрбек Текебаевден 50 миң адамдын колу коюлган кагаздар БШКга келип түштү.

Ага чейин “Ак Шумкардын” лидери Темир Сариев 61 миң кол топтоп келген.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Талапкер болуп катталуу үчүн БШКга арыз тапшыргандардын саны 50дөн ашат.

30 миңден кем эмес кол топтоп, кыргыз тили боюнча тесттен өтүп жана 1 миллион сомдук күрөө тапшыра алгандар гана катталып, аларга талапкер деген күбөлүк тапшырылат.

Бүгүнкү күнгө карата талапкер болуп Темир Сариев расмий катталды. (RK)

XS
SM
MD
LG