Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Чолпон-Атада «Манас оюндарынын» финалы өтөт


Көк бөрү
Көк бөрү

Ушул айдын аягында Чолпон-Ата шаарында спорттун улуттук түрлөрү боюнча «Манас оюндары» деп аталган финалдык таймаштар өтөт. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Бул иш-чара келерки жылы өтө турган үчүнчү Көчмөндөр оюндарына карата даярдык болот.

Оюндар үч этап менен өтүүдө. Биринчиси 15-июлда жыйынтыкталган. Анда райондук жана шаардык деңгээлдеги таймаштар жүргөн. Учурда Бишкекте жана Ошто өтүүдө.

Финалдык оюндарда балбандар спорттун сегиз түрү: көк бөрү, тогуз коргоол, ордо, салбуурун, кыргыз күрөш, алыш, эр эңиш жана ат чабыш боюнча мелдешет. Байге фонду 500 миң сом. (RK)

XS
SM
MD
LG