Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Жарандык авиация башчысы Курманбек Акышевге сөгүш жарыяланды


Курманбек Акышев
Курманбек Акышев

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Ал өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн жазаланганы айтылды. Кечээ өкмөттө жарандык авиациянын абалы жана келечекте өнүгүү маселеси талкууланып, аталган мекеменин иши кескин сынга алынган болчу. Т

ранспорт жана жолдор министрлигине 10 күн аралыгында тармактагы кемчиликтерди жоюу жана авиажүргүнчүлөр менен түздөн-түз иштөөдө түзүмдүн ишин жакшыртууга багытталган сунуштарды берүү тапшырылган. (RK)

XS
SM
MD
LG