Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Сузакта жер көчкүдөн кийин түзүлгөн жаңы конушка электр берилди


Сузак, Көк-Булак участкасы
Сузак, Көк-Булак участкасы

Райондун Ачы айылынан жер көчкү кооптуулугу бар жерден быйыл жыл башында көчүрүлгөн 300дөн ашуун үй-бүлөгө Көк-Булак участкасынан жер тилкеси берилген. Жаңы конушка көчүп келгендерге электр линиясы тартылып, трасформатор орнотулуп берилди. Бул тууралуу “Жалал-Абад электро” ишканасынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка караганда жаңы конушка учурда 50дөй тургун көчүп келип, жаңы конуш түптөп жатат. Энергетиктер бир чакырымга электр линиясын тартып, 31 даана мамыча орнотуп беришти.

Өткөн айда жер көчкүдөн жабыркаган Алмалуу-Булак айылынын 30дан ашуун тургундары райондук мамлекеттик администрация алдына чогулуп, жаңы конушка электр энергиясын берүү талабын коюшкан болчу.

Быйыл жыл башынан бери облус аймагындагы Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана Майлуу-Суу шаарында жер көчкү активдешип, 1000ден ашуун тургундар башка аймактарга көчүрүлүп жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG