Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Таласта эже-сиңдилерден турган кылмыштуу топ кармалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Алар Таластын борбордук базарында иштеген соодагерлерди тоноп жүргөн. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустагы ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Динара Сарногоева билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыштуу топ сатуучулар соода менен алектенип жаткан учурда баалуу буюмдар, акча, уюлдук телефон салынган сумкаларды уурдап кетип турган. Натыйжада, келтирилген чыгым 85 миң сомду түзгөн.

Кылмышка шектүү делип Талас районунун Талды-Булак айылында жашаган үч эже-сиңди жана алардын бир баласы кармалып, күнөөлөрүн моюнга алган. Ага ылайык, бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси, (уурулук) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө жүрүп жатат. (AlS)

XS
SM
MD
LG