Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:17

Балыкчы мэринин сөзү боюнча этикалык комиссия түзүлдү


Балыкчы шаарынын мэри Алмазбек Мамбетов "Балыкчы-Корумду" жолу менен таанышуу учурунда президент Алмазбек Атамбаев менен учурашууда.

Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көл облусунун администрациясы тарабынан түзүлгөн этикалык комиссия ишти иликтеп чыгып, анан чечим кабыл алат.

Буга чейин Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун мурдагы шаар башчы Сатыбек Шамшудинов деп болжолдонуп жаткан адам менен телефон аркылуу сүйлөшкөн аудио жазуусу социалдык тармактарда тарап, талкууга алынган. Аудиодо этикага сыйбаган орой сөздөр камтылган.

Факт боюнча азыркы жана мурдагы мэр менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Балыкчы шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиев мэр кадимкисиндей эле иштеп жатканын айтып, ал окуя боюнча эч кандай реакция көрсөтө элегин билдирди. (AsM/ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG