Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Эки аткаминердин кызы Венгриядагы чуулуу окуудан баш тартты


Венгрияга гранттык орундарга өткөн студенттердин аты-жөндөрү белгилүү болду. Билим берүү министрлиги венгриялык Stipendium Hungarium программасына шилтеме кылып, сынактан өткөндөрдүн тизмесин жарыялады. Ага ылайык, бакалавриатка 10, магистратурага 10 жана докторантурага үч кыргызстандык өткөн.

Бул сынактын 1-баскычында парламент депутаты Жанар Акаев Венгриядагы гранттык орундарды аткаминерлердин балдары жең ичинен ээлеп алганын айтып чыккан. Акаев буга мисал катары Билим берүү министрлигинин статс-секретары Калысбек Шадыканов, КСДП фракциясынын депутаты Мурадыл Мадеминов жана Билим берүү министрлигинин бөлүм башчысы Марат Усупбековдун кыздарын айткан.

Сынактын 2-баскычында Шадыканов менен Усупбековдун кыздары окуудан баш тартканы белгилүү болду. Калысбек Шадыканов коомчулуктун басымынан кийин кызы башка окууну тандоого аргасыз болгонун "Азаттыкка” билдирди. Алардын ордуна резервдеги эки студент тизмеге кирген.

Венгрия менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы келишимге ылайык Кыргызстанга 25 гранттык орун бөлүнгөн. (UEz)

XS
SM
MD
LG