Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Шайлоо-2017: беш талапкер тизмеден четтетилди


Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлердин бешөөнү тизмеден четтетти. Бул тууралуу БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, талапкерлер Муканбай Аманбаев, Марта Кыдыралиева жана Камил Токтобаев шайлоо фондун убагында ачпаганы үчүн, Роман Ремнев менен Куттубек Бешбаков 35ке жашы жетпегени үчүн четтетилди.

Буга чейин Анвар Сартаев менен Нусрет Муса-Оглы Мамедов талапкерлигин чакыртып алышкан.

1-августка карата 59 жаран президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга арыз жазган. Учурда 52 талапкер калды. Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Мамлекет башчысына талапкер болуу үчүн талапкер 30 миң кишинин колун топтоп, миллион сомдук күрөө коюп жана кыргыз тилинен сынак тапшыруусу керек. Баш мыйзам боюнча 15 жыл Кыргызстанда жашаган 35 жаштан 70 жашка чейинки жарандар талапкер боло алат.(UEz)

XS
SM
MD
LG