Борбор калаадагы Кара-Жыгач багында башталган акцияны Бишкек шаардык мэриясы жана шаардык борборлоштурулган китепкана тармагы уюштурган. Ага “Айданек” реабилитациялык борборунун тарбиялануучулары, шаардыктар жана борбордун коноктору катышууда.
Акциянын жүрүшүндө балдарга жана чоңдорго ар кандай мастер-класстар жана оюн-зооктор өткөрүлүп жатат. Мындан сырткары интеллектуалдык жарыштар, ылдам окуу жана бор менен сүрөт тартуу сынактары болду. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Кошумча кыргыз жана орус тилдеринде китеп көргөзмөсү орун алды.
“Китеп окуганча эс алабыз” акциясы балдарды жана өспүрүмдөрдү сабаттуулукка үндөө, окуучуларды каникул убагында китеп окууга кызыктыруу максатын көздөйт. Иш-чара 17-августка чейин уланат. Каалоочулар Кара-Жыгач багында түшкү 14:00дөн 16:00гө чейин барса болот. (ErN)