Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Апасы менен инисин баккан Айчүрөктүн үй-бүлөсү кайрадан батирсиз калды


Майып энесин жана бир тууган инисин багуу үчүн эртеден кечке базарда баштык жана картон кагазынын калдыктарын чогултуп иштеген Айчүрөк менен анын үй-бүлөсү батирге акча төлөй албаганы үчүн, үйдөн чыгарылганы турат. Бул тууралуу Айчүрөктүн апасы Ырыскан Сулайманова “Азаттыкка” кабарлады.

Айчүрөк Сулайманова баспай калган майып энеси, 10 жаштагы иниси менен Ош базарына жакын жердеги жатакананын бир бөлмөсүндө айына 6 миң сом төлөп турушчу. Анын окуясын былтыр “Азаттык” жазгандан кийин, социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, кызга жардам бергендер көбөйгөн.

Буга байланыштуу Айчүрөктүн апасы Ырыскан Сулайманованын атына банкта атайын эсеп ачылып, кийинчерээк демөөрчүлөрдүн көмөгү менен үй-бүлө бардык шарты бар батирге көчүрүлгөн. Батирдин акысын Human Appeal International аттуу кайрымдуулук уюму төлөп турмак болгон. Аталган уюмда жетекчилик алмашып кетип, жаңы башчы батирге акча төлөөдөн баш тарткан. Батир ээси Сулаймановдорду үй-бүлөсүн август ичинде чыгып кетүүсүн талап кылган.

Human Appeal International уюмунун жетекчилигинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок

Айчүрөк сабагын жакшы окуп, медициналык колледжге тапшырууну көздөп жүргөн. Эми кайрадан базарга чыгып иштөөгө аргасыз болушу мүмкүн. Ал азыр 9-класска көчтү. Ал эми Ырыскан Сулайманова ден соолугуна байланыштуу жумуш кыла албайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG