9-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо жаан себелеп, күн күркүрөшү күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;
Таласта түнкүсүн 12...17, күндүз 31...36;
Баткенде түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 18...23, күндүз 32…37;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30;
Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 27…32;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 15…20;
9-августта Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 20…22, күндүзгү жогорку температурасы 35…37 градус жылуу болушу күтүлөт. (ErN)