Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Балыкчынын мурдагы мэри телефон сүйлөшүүнү ырастады


Азыркы мэр Алмазбек Мамбетов (солдо) жана мурдагы мэр Сатыбек Шамшудинов (оңдо).
Азыркы мэр Алмазбек Мамбетов (солдо) жана мурдагы мэр Сатыбек Шамшудинов (оңдо).

Балыкчы шаарынын азыркы мэри Алмаз Мамбетов менен телефондон сүйлөшкөнүн мурдагы шаар башчы Сатыбек Шамшудинов “Азаттыкка” тастыктады.

- Бул аудиону мен жаздырып алгам. 10-июль күнү 21.00 чамасында болгон. Сүйлөшүүдөгү келишпестик, Балыкчы шаардык кеңешине жолдомо кат болгон. Ал жерде мэр бир жылдык отчетун берсин деген кайрылуу болгон. Анан "ошол кайрылууга сиз эмнеге кол койгонсуз?" деп мага коркутуу иретинде телефон чалып жатат, - деди Шамшудинов.

Бул боюнча Сатыбек Шамшудинов Балыкчы шаардык милициясына, сотко, президенттин өзүнө жана аппаратына, премьер-министрге анын аппаратына жана Жогорку Кеңештин төрагасына кат жүзүндө кайрылганын, азырынча жооп ала электигин айтты. Ага чейин жыйынтык чыгабы деп интернет баракчаларага бергенбиз, азыркы учурда соттун чечимин күтүп жатабыз дейт Шамшудинов.

Буга чейин эки мэрдин телефондогу айтышуусун иликтөө үчүн этикалык комиссия түзүлгөнүн Ысык-Көл облусунун администрациясынан кабарлашкан. (AsM\ErN)

XS
SM
MD
LG