Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Ошто коон-дарбыз курамында химиялык кошулмалардын нормадан ашык экени аныкталды


Иллюстрация
Иллюстрация

Ош шаардык мэриясынын алдындагы Тышкы байланыштарды жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агенттиги менен биргеликте Ош шаардык ветеринардык коопсуздук инспекциясы борбордук базарда сатылып жаткан жашылча, мөмө-жемиштердин курамдык сапатын текшерди. Бул тууралуу Ош аталган органдардан “Азаттыкка” кабарлашты.

Атайын аппараттар менен текшерген учурда, Ош шаарынын борбордук базарында сатылган дарбыз-коондордун курамында 193 миллиграммга чейин нитрат бар экени белгилүү болду. Норма боюнча нитраттын курамы бул жемиште 60 мгдан ашпашы керек. Химиялык кошулмалардын андан ашыкча болушу адамдын ден соолугуна зыян келтирет.

Курамында нормадан ашыкча жер семирткичтери бар жашылча-жемиштерди сатып жаткан сатуучуларга ооз эки эскертүүлөр берилди. Соодагерлер товарды дыйкандардан сатып аларын, күнөө ошолордо экенин билдиришкен. Ошко жер-жемиш негизинен Жалал-Абад облусунан, Кара-Суу, Өзгөн райондорунан алынып келинет. (ErN)

XS
SM
MD
LG