Ирандын президенти Хасан Роухани экинчи мөөнөттөгү өкмөтүнүн курамын дээрлик өзгөрүүсүз жарыялады. Парламентке жөнөтүлгөн өкмөт мүчөлөрүнүн тизмесинде бир да аял жок.
Тышкы иштер министр Мухаммад Жавад Зариф, мунай министри Бижан Занганех, чалгын кызматынын башчысы Махмуд Алави өз орундарын сактап калышты. Коргоо министринин милдетин аткарып жаткан Амир Хатами өкмөт курамы жактырылгандан кийин расмий кызматка киришет деп күтүлүүдө. Ал соңку 30 жылда улуттук армиядан тандалган алгачкы коргоо министри болуп калмакчы.
1989-жылдан бери коргоо министрлигин армияга тиешеси жок адамдар же "Революция сакчылары корпусунун" мүчөлөрү жетектеп келген.
Парламент 18 адамдан турган өкмөт мүчөлөрүн алдыңкы бир аптанын ичинде бекитет деп күтүлүүдө. Жазындагы президенттик шайлоону жеңип чыккан 68 жаштагы Роухани 5-августта расмий түрдө экинчи президенттик мөөнөтүнө киришкен.