Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Орусия: экс-министр Улюкаевдин соту 16-августта башталат


Алексей Улюкаев
Алексей Улюкаев

Паракорчулук боюнча айыпталып жаткан Орусиянын мурдагы экономикалык өнүктүрүү министри Алексей Улюкаевдин соту 16-августта баштала турган болду. Мындай чечимди Замоскворецкий райондук соту 8-августта жабык өткөн баштапкы соттук угууда кабыл алды. Ошондой эле сот Улюкаевди үй камагында кармоо чечиминин мөөнөтүн 2018-жылдын 27-январына чейин узартты.

Улюкаев 14-ноябрдын түнүндө эки миллион доллар пара алып жаткан учурда кармалганы кабарланган. Мурдагы министр бул акчаны мамлекеттик “Роснефть” мунай компаниясынын “Башнефть” ишканасына ээлик кылуусуна шарт түзүү үчүн алганы белгилүү болгон. Улюкаев өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

Бул камоо президент Владимир Путиндин жакын айланасында экономикалык жана саясий кармаш жүрүп жатат деген жоромолдорго жол ачкан.

XS
SM
MD
LG