Сузакта жол кырсыгы үч өмүрдү жалмады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, бүгүн Беш-Бала айылынын Гагарин көчөсүндө “Фольксваген Вента” (мам. № А 0747 L) жана “Хундай Кари” (мам. № В 9198 АZ) үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагылышып, натыйжада үч адам каза болду.
Дагы үчөө жараат алып, Жалал-Абад шаардык ооруканасына жеткирилди.