Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:12

Жалал-Абад вице-мэри экинчи жолу сот аркылуу ордуна дайындалды


Урмат Маматов
Урмат Маматов

Жалал-Абад шаарынын мурунку вице-мэри Урмат Маматов облустук соттун чечими менен кайра ордуна дайындалды. Бул тууралуу бүгүн Маматов өзү "Азаттык" радиосуна билдирди.

- Ушул жылдын 27-мартында шаар мэринин мыйзамсыз буйругу менен мени жумуштан алышкан. Шаардык жана облустук сот кайра ордума дайындоо жана буйрукту жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Ошондой эле бош жүргөн күндөр үчүн 76 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди, - деди Маматов.

Буга чейин шаардык кеңештеги "Республика" фракциясынын квотасы боюнча иштеп жаткан Бакытбек Байтиков вице-мэр кызматынан бошотулуп, 7-августтан тарта Урмат Маматов кайра өз жумушун аткара баштады.

Маматов 2013-жылы да вице-мэрлик кызматынан бошотулган соң сот аркылуу бир жылдан кийин кайра ордуна дайындалган болчу.

Шаардык мэрия 29-июнда ага байланыштуу облустук соттун чечимине карата Жогорку Сотко көзөмөл арыз жиберген. Азырынча бул маселе карала элек.

Мэрия Маматов текшерүүнүн жыйынтыгы менен ишинде кетирген кемчиликтер жана мурда да алган сөгүшүн эске алып жумуштан алынганын айтууда.(RsK)

XS
SM
MD
LG