Жер тилкелеринин трансформацияланышын күтүп жүргөн жарандар тобу президентке кайрылышты. «Трансформация» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү бүгүн Бишкекте маалымат жыйын куруп, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевден парламентте үч окууда тең жактырылып, кабыл алынган мыйзам долбооруна кол коюуну өтүнүштү.
Уюмдун координатору Бекназар Айталиевдин айтуусунда, бул мыйзам кабыл алынса 2009-жылы киргизилген мораторийге чейин турак жай курулуп калган айыл чарба багытындагы жерлер трансформацияланып, мыйзамдаштырылат. Себеби 32 райондогу 217 айыл аймагында 1983-2009-жылдары жалпы 13 миң гектар жерде 38 миң үй курулган.
«Мыйзамга кол коюлса ошол үйлөрдө жашап жаткан 47 миң үй-бүлөнүн жашоосу жакшырат эле" дейт Айталиев. (RK)