Мамлекеттик каттоо кызматы президенттик шайлоодо добуш бере турган жарандардын алдын ала тизмесин Боршайкомго өткөрүп берди. Бул тууралуу бүгүн аталган мекемеден кабарлашты.
Тизмеге 18 жаштан жогору курактагы, биометриялык каттоодон өткөн 2 миллион 914 миң 588 шайлоочу кирди.
15-августтан тарта тизмелер шайлоо бекеттеринде илинет. Ар бир жаран алар менен таанышып, өзү тууралуу маалыматты тактап, эгер оңдоп же кошумчалаш керек болсо, шайлоо комиссиясына кайрылышы зарыл.
15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. (RK)