Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:36

Ошто каналга агып кеткен эки өспүрүмдүн сөөгү табылды


Иллюстрациялык сүрөт. Оштогу каналдардын бирине түшүп жаткан балдар

Шейшембиде Ош шаарындагы "Альплагер" эс алуу борборунун жанындагы "Южный" каналына 11-12 жаштагы эки бала түшүп жатып агып кетти. Алардын сөөгү бүгүн табылганын "Азаттык" радиосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Адистер сууга түшүү учурунда коопсуздук эрежелерине өзгөчө көңүл буруу керектигин эскертүүдө.

Министрликтин маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери 113 адам сууга чөгүп каза болгон. Анын 67си эркек киши, 13ү аял, ал эми курагы боюнча алганда 33ү балдар. Аймактардан сууга чөккөндөр эң көп Чүй облусунда катталган.

Соңку үч жылда сууга чөгүп каза болгондордун саны кескин өстү. Акыркы алты жылда мындай кырсыктан жалпы 500дөн ашык адам мерт болгон. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG