10-августта түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 10-14 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 18...23, күндүз 31...36;
Таласта түнкүсүн 12...17, күндүз 30...35;
Баткенде түнкүсүн 18...23, күндүз 32...37;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 18...23, күндүз 31...36;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31;
Нарында түнкүсүн 8...13, күндүз 27...32;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 20…22°, күндүзгү жогорку температурасы 34…36°.