Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Ооганстанда "Талибан" туткунга алган 235 адам бошотулду


Барымтадан бошотулгандар. 9-август, 2017-жыл
Барымтадан бошотулгандар. 9-август, 2017-жыл

"Талибан" экстремисттик кыймылы 8-августтун кечинде Ооганстандын түндүгүндөгү айылда кармап турган туткундарды бошотту. Бул тууралуу Сари-Пул провинциясынын бийлигинин расмий өкүлү Забиулла Амани "Франс-пресс" агенттигине билдирген.

Өткөн дем алыштан тарта Мирза Олан айылына талиптер менен "Ислам мамлекети" террор тобу биргелешип чабуул коюп, анда элүүдөн ашуун карапайым адам өлгөн. Айыл террорчулардын колуна өтүп, жүздөгөн адамдар барымтага алынган эле.

"235 киши, анын ичинде аялдар жана балдар жергиликтүү аксакалдар жана провинция кызматкерлеринин ортомчулугу менен бошотулушту. Алар Сари-Пул шаарына аман эсен жеткирилди. Дагы канча адам туткунда экени белгисиз" деди Амани.

Туткунда дагы жүз киши кармалып турат деген божомол бар.

XS
SM
MD
LG