Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:21

Жалал-Абаддын базарларында өрт коопсуздугу текшерилип жатат


Рейд учурунда тартылган сүрөт
Рейд учурунда тартылган сүрөт

Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында бүгүн өрткө каршы кызмат атайын машыгуу өткөрдү. Мекеменин өкүлү Чынарбек Шекеновдун "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, машыгуу рейддери ушул жума ичинде бардык соода түйүндөрүндө өткөрүлүп, тийиштүү тараптарга эскертүүлөр берилет.

Бүгүн борбордук базардагы азык-түлүк жана кийим базарларына өрт өчүрүү унаалары менен кирип барышып, айрым тоскоолдуктарга туш болушкан. Рейд базар ээлери менен макулдашылып жүргүзүлгөндүктөн айрым участоктор тазаланып калган.

Өткөн айда Ош облусунун Өзгөн шаарында борбордук базар өрттөнгөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG