Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Ташкентте Борбор Азия боюнча форум өтөт


Ташкенттеги Эмир Темир аянты.
Ташкенттеги Эмир Темир аянты.

Өзбекстан Тышкы иштер министрлиги БУУнун өнүктүрүү программасы жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) менен биргеликте 11-августта Ташкентте форум өткөрөт. Ал "Борбор Азия - Өзбекстан тышкы саясатынын башкы артыкчылыктуу багыты" деп аталат.

Уюштуруучулардын белгилешинче, анда танапташ мамлекеттер менен коңшулукту жана достукту бекемдөөгө багытталган Өзбекстандын аймактык жаңы саясаты тууралуу коомчулукка маалымат берилет. Мындан тышкары өлкөнүн Борбор Азия чөлкөмүндө туруктуу өнүгүү жана коопсуздукту сактоо маселелерине карата позициясы тууралуу айтылат.

Иш-чарага өзбек парламентинин депутаттары, борбор азиялык адистер жана талдоочулар, Ташкенттеги дипломаттар, Өзбекстандын коңшу өлкөлөрүндөгү элчилери чакырылган.

XS
SM
MD
LG