Париждин четинде аскерлерге кол салууга шектүү адам кармалды. Француз полициясы аны калаанын түндүгүндөгү кан жолдон кууп, адегенде атып жарадар кылган. Шектүү 30 жаштагы эркек киши экенин операцияга катышкандар айтып беришкен.
Бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча таңкы 8де Париждин Леваллуа-Перре районунда белгисиз бирөө унаасы менен казармадан чыгып келаткан жоокерлерди сүздүрүп качып кеткен. Андан алты француз аскери жараат алган. "Экөөнүн абалы оор" деп полиция билдирген.
Франциянын ички иштер министри Жерар Коломб бул атайын жасалган акт деп баалаган. Аскерлер кайгуул-күзөт милдетин аткармакка баратышкан. 2015-жылы 130 адамдын өмүрүн алган Париждеги теракттан кийин өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилген. Ал алигүнчө күчүн жогото элек.