Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Иранда кечки шапар учурунда ондогон жаштар кармалды


Иран полициясы ичимдиктерди төгүп атат
Иран полициясы ичимдиктерди төгүп атат

Иран полициясы Исфахан шаарында бассейндин боюндагы кечеде ичимдик ичип жаткан жаштарды кармаганын мамлекеттик медиа кабарлады.

Маалыматка караганда, 9-августта Ислам революция корпусунун жергиликтүү күчтөрү жана полиция жарым жылаңач делген 64 өспүрүм балдар-кыздарды кармап кетишкен.

Алар оюн-зоогун видеого тартып интернетке жайып, шайкелеңдикти даңазалашкан деп да айыпталышууда.

Ирандагы эрежелерге ылайык, бири-бирине жакындыгы жок эркек менен аялдын ичимдик ичип, бир кечеде чогуу болуусуна тыюу салынган.

Ага карабастан өлкөдө ичимдик коштолгон сайран тыйылган жок. Кармалгандар демейде айыппул төлөп кутулушат.

XS
SM
MD
LG