Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Пентагон: Түндүк Корея АКШга согуш ачса күнү бүтөт


Жеймс Мэттис.
Жеймс Мэттис.

Пентагондун башчысы Жеймс Мэттис эгер Түндүк Корея АКШга каршы согуш ача турган болсо, режими аягына чыгаарын жана эли өлүмгө учураарын эскертти. Мэттис согуш боло турган болсо, Түндүк Корея АКШ жана анын союздаштарынан жеңилерин билдирди. Ал өз сөзүндө Пхеньянды өзөктүк курал программасынан жана өзүн-өзү изоляциялоодон баш тартууга чакырды.

Буга чейин Түндүк Корея америкалык Гуам аралын ракета менен аткылоо планын "тыкыр иликтеп" жатканын билдирген. Бул билдирүүдөн бир нече саат мурда АКШ президенти Доналд Трамп Пхеньяндын опузасына болуп көрбөгөндөй жооп кайтарыларын эскерткен.

“Түндүк Корея келечекте Кошмо Штаттарын коркутуп-үркүтүүдөн карманышы зарыл. Антпесе алар эси-көөнүнөн кеткис көргүлүктү көрөт”- деген эле Трамп.

Гуамдын губернатору Эдди Калво түндүккореялык коркунучту жокко чыгарып, аралда стратегиялык коргонуу системасы бардыгын, күтүүсүз кокустуктарга даяр экенин айтты. АКШ менен бул маселеде байланышта экенин да кошумчалады.

Гуам 163 миң киши жашаган, Тынч океандын батыш жээгинде жайгашкан чакан арал. АКШ өкмөтүнө баш ийет, бирок курамына кирбейт.

XS
SM
MD
LG