Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Кыргыз сүрөтчүсү монгол президентине жолукту


Азамат Жаналиев Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен.
Азамат Жаналиев Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен.

Кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолугуп, анын мык жана жип менен тартылган портретин белекке тапшырды. Бул тууралуу сүрөтчү интернеттеги Фейсбук баракчасына жазды. Анын айтымында, монгол президенти белекти жылуу кабыл алып, ыраазычылык иретинде колодон жасалган жоокердин айкелин, кол тамгасы менен китеп тапшырган.

Азамат Жаналиев буга чейин 16 белгилүү адамдын портретин тарткан. Алардын арасында Орусиянын президенти Владимир Путин жана Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров да бар.(UEz)

XS
SM
MD
LG