Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:59

Кылмыш дүйнөсүндө “Карышкыр” деген каймана ат менен белгилүү кыргыз жараны Мурсалим Өмүрзаковду Орусиядан депортациялоо чечими кабыл алынды. Ага орусиялык күч кызматкерлеринин чечимди окуп берип жатканы тууралуу ыкчам видео интернетке тарады. Видеодо Өмүрзаков мындан ары Орусиянын аймагына киргизилбей турганы айтылат.

2013-жылы Өмүрзаков Москвада кылмыштуу топтордун бирин жетектейт деген айып менен кармалып, Кыргызстанга алынып келинген. Эки жылдан кийин бошонгон. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги ал жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу боштондукка чыкканын билдирген.

Ошол эле 2015-жылы кыргыз жана орус милициясы бирге жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кайрадан Москванын “Строймастер” базарынын жанынан колго түшкөн. Кармоо учурунда андан маңзат табылып, камакка алынган. (UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG