Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Ошто троллейбус айдоочулары иш ташташты


Ошто троллейбус айдоочулары иш таштап, бүгүн ишке чыгышкан жок. Бул тууралуу Ош шаарындагы активист Бактияр Мамажанов “Азаттыкка” билдирди. Анын ырасташынча, троллейбус айдагандар 10 - августта иш таштоо уюштурарын алдын ала мэрияга эскертишкен. Ош шаардык автобустар паркынын жетекчиси Расул Мурзагуловдун атына жазылган иш таштоо боюнча арызга 31 айдоочу кол койгон.

Бул кадамга троллейбус айдоочуларынан ар бир каттам үчүн 80 сомдон чогултуу себеп болгон.

Ал эми Ош мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Романов иш таштаган айдоочулар менен бир ымалага келип жатышканын, алар жумушка чыга турганын билдирди.

Ошто шаар тургундарын ташыган 35 троллейбус бар. (YI)

XS
SM
MD
LG