Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

ӨКМ: 11-13-августта тоолордо кар жаайт


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Кыргызстанда 11-13-августта туруксуз аба ырайы болот.

11-августта түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз жана 12-августта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 13-августта да кээ бир райондордо жаан-чачын болушу ыктымал. Айрым жерлерде батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG