Москва облусунда белгисиз жарандар 92 жаштагы орусиялык жаранды үйүн тартып алуу үчүн туткунга алып, аны менен кошо 45 жаштагы Кыргызстандын жаранын үч апта туткунда кармашкан. Бул тууралуу Орусиянын Москва облусу боюнча Тергөө комитети өзүнүн сайтында 9-августта кабарлады.
Тергөөдө аныкталгандай, 47 жаштагы эркек киши 27 жаштагы уулу менен чогуу жогорудагы эки жаранды 13-майдан 2-июнга чейин Быково кыштагындагы үйлөрдүн биринде мыйзамсыз кармап турушкан. Алар “туткундарды” кыйнап, курал колдонуп, “өлтүрөбүз” деп коркутушкан.
Кылмышкерлер орусиялык жарандын Москвадагы үйүн өздөрүнүн атына каттатып алуу үчүн ушундай жолго барганы, ал эми туткунга түшкөн кыргызстандык жаран пенсионер үй ээсин багып иштеп жүргөнү аныкталды.
Шектүүлөргө карата кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Айыпталуучулар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. (ErN)