Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:21

Ошто троллейбус айдоочуларынын иш таштоосу уланууда


Иш таштоого алтымышка жакын айдоочу катышууда.
Иш таштоого алтымышка жакын айдоочу катышууда.

Бул тууралуу айдоочулардын бригадири Замир Капаров “Азаттыкка” билдирди. Ал шоопурлар менен мекеме жетекчиси же шаар мэри жолуга электигин да кошумчалады.

Иш таштоого алтымышка жакын айдоочу катышууда. Алар жол кирени көтөрүүнү же планды азайтууну талап кылышууда. Айдоочулар буга чейин Ош шаардык автобустар паркынын жетекчиси Расул Мурзагуловдун атына өз талаптарын айтып кат жазышкан.

Ал эми Ош мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Романов иш таштаган айдоочулар менен бир ымалага келип жатышканын, алар жумушка чыга турганын билдирди.

23 жаңы жана 12 эски троллейбустун ону гана күн сайын иштейт. 35 троллейбустун эки нөөмөткө 57 айдоочусу бар. Ош шаарында троллейбустун жол киреcи 6 сом. (YI\ErN)

XS
SM
MD
LG