Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Кыргызстан Орусия берген эки учакты расмий өткөрүп алды


Учакты тапшыруу учуру. Кыргыз-орус учкучтары.
Учакты тапшыруу учуру. Кыргыз-орус учкучтары.

Бүгүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн авиациялык-транспорттук эскадрильясынын аймагында эки аскердик АН-26 учагын кабыл алуу салтанаты болуп өттү. Ага Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Райымберди Дүйшөмбиев жана Орусия Федерациясынын коргоо министринин орун басары – генерал-лейтенант Александр Фомин катышты.

Авиациялык техника кыргыз тарапка эки мамлекеттин башчыларынын макулдашуусунун негизинде берилди.

"Ан-26 Аскердик-транспорттук самолеттору машыгууларды жана атайын операцияларды өткөрүүдө жүктөрдү жана өздүк курамды ташууга, атайын багыттагы бөлүкчөлөрдү десанттык түшүрүүлөргө, аба чалгындоосун жүргүзүүгө байланышкан тапшырмаларды аткарууда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн арттырат" деп айтылат Башкы штаб тараткан билдирүүдө.

Орусия Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө көмөк көрсөтүү жаатында мындан төрт жыл мурун 1 миллиард долларга бааланган аскерий техника берүүнү убада кылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG